22 май 2026
Кароолор: 6
Баткен шаарында Орусиянын колдоосу менен курулуучу мектептин курулушу башталды
Баткен шаарында Орусиянын колдоосу менен курулуучу мектептин курулушу башталды
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы 1200 орундуу типтүү мектептин курулушун баштоо аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Россия Федерациясынын Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун донордук долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директорунун милдетин аткаруучусу Алексей Плохута баштаган өкүлдөр катышты.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов, “бул иш аракет - эки өлкөнүн ынтымагын жана кызматташтыгын бекемдөө, келечек муундун татыктуу билим алуусуна шарт түзүү максатын көздөйт” деп белгилеп, тарыхий тамырыбыз бир болгон кыргыз-орус элдеринин достугу бекем, мектеп ак жолтой болсун деген каалоо тилегин билдирди.
Буга чейин курулуш аянтчасында пайдубал үчүн жер казуу жана бетондоо иштери аткарылган. Ошондой эле Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин инженердик-коммуникациялык тармактарына байланыштуу тиешелүү иштер бүткөрүлгөн.
Бүгүн аталган курулуштун пайдубалына бетон төшөө иштери башталды.
Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин онлайн форматта катышкан.
Билим берүү мекемеси заман талабына жооп берген окуу кааналары, заманбап лаборатория, материалдык-техникалык база, спорттук зал, ашкана, бассейндери менен курулат. Мектепте ата-мекендик мугалимдер менен атайын Орусиядан келген мугалимдер билим берет.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы